2019-жылдын 9 айында салык карыздарын мажбурлап өндүрүү боюнча кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында бюджетке 3 миллиард 740 миллион сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 51,1 миллион сомго көп же өсүү ыргагы 139,1 пайызды түзгөн. Жыл башынан бери 1 миллиард 168,3 миллион сом суммасында 1266 материал сотко өткөрүлүп берилген. Алардын ичинен 775 миллион сом суммасында 651 материал боюнча салык карызын бюджеттин пайдасына өндүрүү каралган.