Баткен районунун Самаркандек айылында 13-августта шахта басып калган 3 адамды издөө иштери уланууда. Издөө иштерине ӨКМнын 27 куткаруучусу жана 30 жергиликтүү тургун тартылды. Окуя болгон жерге Баткен районунун акиминин орун басары Айтибай Тагаев, ӨКМнын Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы И.Мисиралиев барды. Эске салсак, кечээ жааган жамгырдан улам аталган аймакта сел жүрүп, ичине суу кирген көмүр шахталарынын бири көчүп түшкөн. Ал жерде иштеп жаткан 5 адамдын экөө качып чыгууга үлгүрүп, үчөөсү чыга албай калган. Учурда шахтанын ичиндеги сууну 2 насос менен сыртка сордуруп чыгаруу иштери жүрүп жатат.