Бишкекте мас абалында үй-бүлөлүк чатак чыгарып, милицияга баш ийбеген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкектеги Көлмө калктуу конушунун 36 жаштагы тургуну ээнбаштык кылганы үчүн кармалды. Тагыраагы, кармалган жаран мас абалында болуп милиция кызматкерлерине асылып, талаптарды аткарган эмес.

"6-ноябрда болжол менен саат 21:30да Көлмө конушундагы турак үйдө үй-бүлөлүк уруш чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине патрулдук милиция тобу барганда Э. А. аттуу эркек киши мас абалында укук коргоо органдарына асылган. Э. А. патрулдук милициянын талаптарын аткарбастан укук коргоочунун сырткы кийимин айрып, көкүрөгүндөгү кызматтык белгисин жулуп алган. Чатакты токтотуу максатында укук коргоо кызматкерлери мыйзамга ылайык оксуз кармашууга өтүп, Э. А.ны кармап Биринчи Май районунун ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "ээнбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми чатак чыгарган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан