11-ноябрга караган түнү Бишкектин эл аралык "Манас" аэропортуна футбол боюнча Япония курама командасынын оюнчулары келип конду. Бул тууралуу Кыргыз футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Бул каттам менен Япония футболчуларынын машыктыруучулар, дарыгерлер штабы, административдик кызматкерлери жана Япониянын ички чемпиондугунда ойногон оюнчулар келишти. Ал эми чет элдик клубдарда ойногон оюнчулар өзүнчө каттам менен келишет. Команда толук курамы менен 12-ноябрь күнү Бишкекте болот.
Япония курамасы бүгүн "Дордой" клубунун базасында алгачкы машыгуусун өткөрөт.