Калыс-Ордо конушунда патрулдук милициядан качам деген айдоочу электр мамысын сүзүп токтоду

Кечээ, 10-ноябрда Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда жеңил унаанын айдоочусу патрулдук милициядан качам деп, жолдогу мамыны сүзүп токтоду. Буга SUPER.KG порталынын кабарчысы күбө болду. Ага ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 16:00до катталган. Калыс-Ордонун жашоочулары конушта эрежени одоно бузган айдоочу жүргөндүгүн айтып, патрулдук милицияга кайрылышкан.

"Патрулдук милиция чакырууну кабыл алып, конушка киргенде Ауди А6 маркасындагы унаанын айдоочусу жол кыймыл эрежелерин одоно бузуу менен жаш балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын көргөн. Алар айдоочуга токтош керектигин билдиргенде, жеңил унаанын айдоочусу качканга аракет кылган. Катуу ылдамдыкта келе жатып көчөдөн бурулам деп, кесилиштеги электр мамыны сүзүп токтогон. Ошол маалда жеңил унаанын ичинде айдоочунун аялы жана жаш баласы бар болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми патрулдук милициянын кызматкери окуя тууралуу төмөндөгүдөй түшүндүрдү: "Бизге айдоочу тууралуу маалыматты конуштун жашоочулары билдирген. Жакын жерде болгондуктан тез эле келдик. Чынында унааны айдаган абалына карап, мас болушу мүмкүн экендигин билдик. Бирок айдоочу биздин эскертүүлөргө баш ийген жок. Унаанын алдында жаш бала бар экенин көрдүк. Көчөлөрдүн кесилишине келгенде, рулду башкара албай мамыны сүзүп токтоду. Ичиндегилер жабыркаган жок. Протокол түзүү учурунда айдоочу бизге одоно мамиле жасап, ишти үзгүлтүккө учуратууга аракет жасады. Учурда айдоочу "наркологиялык борборго" алкоголдун деңгээлин текшертүү үчүн жөнөтүлдү", - деди инспектор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2019-11-11 13:07:25
Жиндилер коп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан