Кикбоксчу Алексей Федосеев эрежесиз урушта алгачкы беттешин өткөрдү. Ал Түштүк Кореянын Сеул шаарында Road FC 56 мелдешинде беттешти.
Алексей Федосеев үй ээси Го Жи Вон менен кез келген. Беттеште Федосеев активдүүлүгүн көрсөтүп, калыстардын чечими менен жеңишке жетишти.
Алексей Федосеев WAKO-PRO версиясында кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону.