Кыргыз өлкөсүнүн Япония жана Тажикстан менен боло турган футболдук беттештерине сатыкка чыккан билеттер аз санда калды. Билеттер сатыкка 7-ноябрда чыккан.
Билеттерди төмөнкү даректер боюнча сатып алууга болот.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун кассасы.
Фрунзе гипермаркети.
Дареги: Бишкек шаары, Анкара көчөсү 1/2 а
Фрунзе гипермаркети 29 (BishkekPark).
Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү 148
Фрунзе супермаркети Бах/Ахунбаев
Дареги: Бишкек шаары, Д.Садырбаев көчөсү 107
Сурап билүү телефондору: 0(312) 558 702, 0(702) 98 61 00, 0 (776) 98 61 00
"Билеттер Фрунзе гипермаркетинде сатылып жатат. Бирок сатылып жаткан билеттер тиешелүү секторлорго гана калды", - дейт аталган гипермаркеттен.
Футбол федерациясы стадиондо күйөрмандарды оюн учурунда эрежени сактоого чакырат.