Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Окуя 10-август күнү саат 03:40 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда болгон. Каза болгон жаран Сокулук районунун Байкалбек аттуу тургуну.
Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери ыкчам чара көрүп, 2 күндүн ичинде кылмышка шектүүнү кармашты. Ал Каракол шаарынын 22 жаштагы Азамат аттуу тургуну. Кылмышка шектүү күнөөсүн мойнуна алып, унаасы атайын унаа токтоуучу жайга токтотулду. “Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө”,- деп билдирди Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.