Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, каза болгону маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Нарын облустук Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан каза болгондордун жана жаракат алган адамдын аты-жөнү такталганын билдиришти.
"Кочкор-Балыкчы жолунда Норд Бенз жүк ташуучу унаа менен Субару Импреза үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Жүк ташуучу унааны Балыкчы шаарынын 43 жаштагы тургуну И. М. башкарып келе жаткан. Ал эми жеңил унаа Кочкор районунун Орток айылынын 27 жаштагы тургуну А. уулу Ж. аттуу жарандын башкаруусунда болгон", - деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:
Жеңил унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган А. уулу Ж.;
2000-жылы туулган Ж. уулу К. Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын тургуну (жүргүнчү);
1993-жылы туулган Акжолтой Канатбек уулу жердиги тактала элек (жүргүнчү);
Жашы болжол менен 25-30 чамасындагы аты-жөнү тактала элек жаран.
Ал эми Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган А. Ы. аттуу тургуну денесинен оор жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Жол кырсыгы боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды. Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.