Кыргыз өлкөсүнүн "Жаңы-Муун" командасы Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Волейбол федерациясынан билдиришти.
Мелдеш 8-10-ноябрь аралыгында Ташкент шаарында өткөн. Буга Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан курама командалары жана Ысык-Көлдүн "Жаңы-Муун" командасы катышкан.
"Жаңы-Муун" Өзбекстанга 0:3 эсебинде жана Түркмөнстанга 1:3 эсебинде жеңилсе, Тажикстанды 3:2 эсебинде жеңип алган. Жыйынтыгында 3-орунду алган.
Мелдеште Өзбекстан курама командасы жеңүүчү аталган.