Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Тарыхта орду туура эмес болгон адамдар кайсы бир топтор үчүн орду маанилүү болуп калууда". КҮНСОБОЛ

Мындан эки күн мурун Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганы маалым болду. Анда айыл өкмөтүнөн тургундар өз каалоосу менен көчөгө Бакиевдин ысымын ыйгарып алганы айтылган. Буга чейин Бишкек шаарынын чет жакасындагы жаңы конуштардын бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы да коомчулуктун талкуусун жараткан.

SUPER.KG порталы "Молдомуса Конгантиевден кийин Курманбек Бакиевдин ысымы көчөгө ыйгарылды. Апрель окуясында 90дой азаматтын каны жөн эле төгүлдү беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков бул нерсе биз улут катары калыптана электигибиздин көрсөткүчү дейт.

"Кыргыз өлкөсү регионализм, трайбализм өнүккөн өлкө. Бизде идеологиялык так көз караштар орной элек. Ошол себептен көчө болобу, уюм болобу, кимдин гана ысымы ыйгарылбасын, трайбалисттик, регионализм көз караштагы саясат болуп эсептелет.

Тарыхта, мамлекетте орду туура эмес болгон делген адамдардын жалпы мамлекет үчүн орду туура эмес болгону менен, кайсы бир топтор үчүн, кайсы бир кичинекей айыл үчүн орду маанилүү болуп калууда. Алар өздөрүнүн кулундарына, айылдаштарына, туугандарына ысымын ыйгарып койгон учурлар кездеше баштады. Бул идеологиялык так көз караштын жоктугу, улут катары бекем калыптана электигибиздин көрсөткүчү", - дейт Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан