Япония футболчулары Бишкекте алгачкы машыгуусун өткөрдү. Хадзимэ Мориясу машыктырган команда азырынча толук курам менен Кыргыз өлкөсүнө келе элек.
Япониянын курамынын ондон ашык футболчулары "Дордой" футбол клубунун стадионунда машыгуусун өткөрдү. Курамда "Саутгемптонтун" коргоочусу жана Япониянын капитаны Мая Йосида жана "Галатасарайдын" коргоочусу Юто Нагатомо да болду.
Футболчулар алгачкы күнү жеңил машыгуу өткөрдү.