Япониянын коргоочусу Юто Нагатомо Кыргыз өлкөсү менен беттеш тууралуу: "Жеңиш тууралуу ойлонбойбуз, бардыгы талаада чечилет"

Бүгүн, 11-ноябрда Япония курама командасынын футболчулары Бишкекте алгачкы машыгуусун өткөрдү. Бир сааттан ашык машыгууга курамдагы эң таанымал оюнчуларынын бири Юто Нагатомо да катышты.

"Галатасарай" клубунда ойногон футболчу Кыргыз өлкөсү менен боло турган беттеш тууралуу пикирин билдирди.

"Азырынча жеңиш тууралуу ойлоно элекпиз. Канча эсеп менен утабыз деген ой жок. Бардыгы оюн талаасында чечилет", - деп айтты Нагатомо.

Кыргыз өлкөсү менен Япония 14-ноябрда ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
katerina.li
2019-11-11 19:26:34
Туура жооп. Антпесе оюн бащтала электе кыйратабыз,ойротобуз деп жиберишет ко биздикилер
0
aerforce
2019-11-11 20:12:39
Коноктоп биздин салт деп кымыз чучуктан бергиле шалдырап ойношсо утуп алабыз
+2
interpol
2019-11-11 22:24:00
aerforce,алар жада калса дем ала турган абасында өздөрүнүкүн алып келсе керек.
0
Chungyz
2019-11-11 23:06:21
утабыз
0
asad345
2019-11-12 11:49:02
Кудай өзү колдосун биздин Ак шумкарларды оомин!
0
Alixan-Nookat.2015
2019-11-12 14:32:18
Кудай буюрса кыргыз футболунун келечеги алдыда мынтип өлкөбүзгө таанымал оюнчулар келип жатканы сүйүндүрөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан