Бүгүн, 11-ноябрда Ош-Өзгөн унаа жолунда эки Жигули үлгүсүндөгү унаа сүзүштү. Маалыматты SUPER.KG порталына күбө билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы саат 18:50 чамасында болгон.
"Жигули үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшүптүр. Жабыркагандардын бар же жок экендиги такталууда. Биз байкай албай калдык", - деди ал.
Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалыматты тастыктай элек.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.