Хундай Портер үлгүсүндөгү унааны уурдоого шектүү жаран кармалды

7-ноябрь күнү Москва РИИБине 34 жаштагы жергиликтүү тургун 6-ноябрда түнкү саат 23:00 чамасында белгисиз жаран короосундагы Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткендигин айтып, арыз менен кайрылган. Аталган факт 206-берене (автомототранспорт каражатын айдай качуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, бир нече сааттан кийин кылмышка шектүү кармалган. Учурда 50 жаштагы кылмышка шектүү Москва РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан