Бишкекте күч колдонуп, шаар тургунунун капчыгын тартып алган деген шек менен 20 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте күч колдонуп, шаар тургунунун капчыгын тартып алган деген шек менен 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда Биринчи Май РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Анда шаардагы батыш бекетинде белгисиз жаран күч колдонуп, капчыгын тартып алганын айтып, чара көрүүнү суранган. Капчыкта 4800 сом акча жана банк карточкасы болгонун айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 20 жаштагы Э.С. аттуу жаран кармалган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушул сыяктуу башка кылмыштарга бар же жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан