ЦСКА командасынын футболчусу Ильзат Ахметов Орусия улуттук курама командасынын жаңы формасын жарыялаган видеороликке тартылды. Аталган жаңы форма менен Орусия курама командасы ЕВРО-2020 мелдешинде ойнойт.
Роликте Ахметов футболдук карьерасы Бишкекте башталганын жана Кыргыз өлкөсү анын үйү экендигин баяндайт. "Кыргыз өлкөсү тууралуу бардыгы билишсе дейм" деп жазган Инстаграм баракчасына футболчу.
Ильзат Ахметов Бишкектин "Алга" командасында футболдук карьерасын баштаган. Футболчу 16-ноябрда өтө турган Бельгия жана 19-ноябрда Сан-Марино менен боло турган оюндарга Орусиянын курама командасына чакыруу алды.