Москвада Кыргыз жаранына бычак сайып өлтүрүп кетишти

Кечээ, 11-ноябрда Москва шаарындагы поликлиниканын жанынан кебетеси азиялык болгон жарандын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу орус басылмалары укук коргоо органдарындагы булактарга таянып жазышты. Анда бычак сайылып өлтүрүлгөн адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны экени аныкталган.

“11-ноябрга караган түнү поликлиниканын алдында бычак сайылып, жаракат алган эркек киши тууралуу маалымат түшкөн. Ал жакка барган ыкчам топ болжол менен 24 жаштагы кишини табышкан. Анын денесине жана бутуна бычак сайылган экен. Жаран алган жаракаттарынан улам каза болуп калган. Кылмыштын куралы табылган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча маркумду кебетеси азиялык болгон эки киши өлтүргөн”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча тергөө жүрүүдө.

SUPER.KG порталы маалыматты тактоо үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышканда, алар маалыматты тактап, төмөндөгүдөй маалымат беришти: "Киши колдуу болуп каза тапкан С.А. аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жараны 1995-жылы туулган. Ал Лейлек районуна караштуу Исфана шаарынын тургуну болгон. Бул факты боюнча кылмыш-жаза иши ачылды. Учурда Элчилик жана маркумдун жакындары тарабынан "Жүк-200" боюнча сөөктү мекенине жөнөтүү аракеттери жүргүзүлүп жатат", - дешти элчиликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jasi.jasi
2019-11-12 18:18:28
Э Аллах куноолорун кечирип бейишинен берсин.кайран гана жаш омурлор кыйылып жатат,азият тустогулор олтургон болсо кайрале кыргыздар болушу мумкун.
+11
madina.87
2019-11-12 18:18:57
Супер 24 жашта болсо он гүлүнүн бири ачыла элек жаш жигит болот!!!
Кандайча киши???


т.б.Бейишин берсин Аллахым. Канкорлор оз жазасын алсын.
+8
admin_portal
2019-11-13 13:04:07
madina.87, бул жерде киши деген сөз адам/жаран/атуул деген иретте колдонулган.
+2
katerina.li
2019-11-12 18:46:38
Кыргыздар эле кылды окшойт.
+4
AzKumFerDan
2019-11-12 20:11:27
Москвадагы посольство ишчилерди алмаштырыш керек . вообще иштебейт уктап эле журушот.жардам сурап кайрылсан опой мамле жасашат
+8
Aiman0303
2019-11-12 23:06:07
Скинхедтерден кутулсак, эми озубуздукулор чыгыптырда азияттар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан