Бишкекте аёосуз сабалган 60 жаштагы Каныбек Ботоканов бүгүн, 12-ноябрда ооруканадан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун кызы Жанна Ботоканова билдирди.
Ботоканованын айтымында, атасынын абалы туруктуу. "Бул окуяга бүгүн, 14 күн болду. Бирок милиция кызматкерлери дагы деле шектүүлөрдү кармай элек. Эмнеге мынча узакка созулуп жатканын биз дагы түшүнбөй жатабыз", - деди ал.
Бул факты Ленин РИИБинде "бейбаштык" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Буга чейин жабырлануучунун кызы 60 жаштагы кишинин алсыздыгына карабай, сабаган балдарды милиция кызматкерлери эртерээк табышса деген пикирин билдирген.