Футбол боюнча Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында, Кыргыз өлкөсү менен Япониянын беттешинин билеттери сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан билдиришти. ⠀
"Кыргыз-Япон беттешинин билеттери сатылып бүттү. 14-ноябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо боло турган беттешти көрүүчүлөрдүн саны арбын. Тилекке каршы, биздин стадион беттешти көргүсү келген күйөрмандардын баарын батыра албайт. Андыктан кошумча фан-зона уюштурулат. Бул тууралуу дагы кенен маалымат беребиз", - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле стадион беттештен 2 саат мурун ачыларын жана күйөрмандардын кечикпей келишин эскертишет.