Футболчулардын баасын аныктаган "Transfermarkt" порталынын көрсөткүчү боюнча кыргыз футболчулары менен ойной турган Япониянын курама командасынын баасы 96 миллион евродон ашык.
Япониянын Бишкекке келген курамындагы эң кымбат оюнчусу - "Порту" командасынын футболчусу Сея Накадзима 25 миллион еврого бааланат. Андан кийинкиси Даити Камада ("Айнтрахт", Германия) 9 миллион еврого бааланат.
Кыргыз курама командасынын эң кымбат оюнчусу Валерий Кичин 1 миллион 500 миң еврого бааланат.