Жеңил салмактагы UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен жолугушуу учурундагы сүйлөшүүсү тууралуу жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып айтты. Бул тууралуу орусиялык басма булактары жазышты. Айтымында, анын көз карашы боюнча Путин катуу чарчап жүрөт.
“Владимир Путинди бир-эки жолу жолугушуу учурунда көрүп, менде ал жашоодогу кээ бир кырдаалдардан абдан чарчагандай сезилди. Мен андан бул тууралуу сурадым. Путин мага спорт менен машыгып, сууда сүзүп, дени сак жашоо образын карманып жашай турганын айтты. Булардын баары андагы стресстен арылууга жакшы жардам берет экен”, - деп билдирген Нурмагомедов Путиндин анын суроосуна жооп бергени тууралуу.