"Кербен" базарында эки Тажик жараны уруша кетип, бири бычакталды

Бишкектеги "Кербен" базарында эки жарандын ортосунда уруш чыгып, бирөө бычакталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 12-ноябрда болгон. Анда Тажикстандын эки жараны ортодогу карыз акча боюнча уруша кетишкен. Мындан улам И.И. аттуу жаран 30 жаштагы Х.А.ны бычак менен көкүрөк тушка сайып жиберген. Ал алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "адам өлтүрүү" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сурак берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
keku00
2019-11-13 14:31:55
Ото кызыктуу жанылык экен, рахмат кабарлаганынарга))
+2
Omush94
2019-11-13 16:34:36
keku00,мага кызык сонун жаңылык болду крыслар көбөйо баштаган окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан