Базар-Коргондо “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик агымынын идеологияларын жайылтып жүргөн кыз аныкталды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда тыюу салынган диний агымдын идеологиясын жайылтып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шектүү жаран "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик агымынын материалдарын, идеологияларын өзү жашаган айылдагы коңшуларына, айылда жайгашкан аялдардын намазканасында жана Фейсбук социалдык тармагына жайылтып жаткандыгы боюнча маалыматтар алынган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, шектүү жаран Базар-Коргон районунун тургуну, 2001-жылы туулган Ш.К. аттуу кыз болгон. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жайгашкан чет өлкөлүк эл аралык университетинин 2-курсунун студенти экендиги аныкталган. Кыздын үйүн тинтүүдө “Хизбут-Тахрир” диний агымы боюнча шек туудурган жазып жүргөн эки дептер, 54 даана араб тилинде жазылган баракчалар табылган. Ошондой эле көтөрүп жүргөн уюлдук телефондору текшерилип, социалдык тармактарда өзүнүн баракчасынан “Мухсинбек Мубинов” аты менен “Хизбут-Тахрир” диний агымынын идеологияларын жайылтып жүргөндүгү аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Omush94
2019-11-13 16:32:46
Оозу боктордон окшойт го а
+1
katerina.li
2019-11-13 16:59:07
Кыз башы менен эмне куч келди буга??
+1
mirlanpiter
2019-11-13 22:51:58
Акчага азгырылган,анан салттуу динден кабарсыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан