Япония курама командасынын футболчулары тазалыкты кантип сактай тургандыгын көрсөтүштү. Бишкектеги "Дордой" стадионундагы машыгуудан кийин футболчулар бутсыларын тазалап, кийинүүчү жайга жылаңайлак киришкен.
Япония курама командасы "Дордой" клубунун кийинүүчү жайын дагы тазалап кетишкен.
Япон эли тазалыкка өзгөчө көңүл бурушат. Буга чейин Орусиядагы Дүйнө чемпиондугунда Япония курама командасы кийинүүчү жайды тазалап кетишкендиги интернетке жарыяланган. Ошондой эле япон күйөрмандары стадиондогу таштандыларды тазалап чыгышкан.