Виталий Люкс жаракатына байланыштуу Японияга каршы оюнга чыгары белгисиз

Кыргыз улуттук курама команданын чабуулчусу Виталий Люкстун Японияга каршы оюнга чыгары азырынча белгисиз. Ал 9-ноябрда Өзбекстан менен болгон оюнда жаракат алып калган.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин бул боюнча дарыгерлер болгон аракетин көрүп жаткандыгын айтты.

"Азырынча анын эртеңки оюнга чыгары белгисиз. Бирок чыкпай калгандыгына эмес, чыгарына көбүрөк ишенип турам", - деп белгиледи Крестинин.

Кыргыз өлкөсү Япония менен 14-ноябрда ойнойт. Беттеш саат 17:15те башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn2017
2019-11-13 17:54:39
Баарынан да Кичин чыксын ал мыкты коргоочу.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан