Орусияда алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен Октябрь РИИБинин кызматкерлери биргеликте издөөдө жүргөн Кыргыз жаранын кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган Б.К. аттуу жаран болгон. Шектүү "алдамчылык" беренеси менен шектелип жаткан. 2017-жылдын жазында чала тааныш адамдын ишенимине алдоо жолу менен кирип, Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алган. Башында 90 күнгө унаасын ижарага алып, андан соң үчүнчү жакка сатып жиберип, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Болжол менен жабырлануучу 280 миң сомго зыянга учураган.

Учурда шектүүнү кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн өз өлкөсүнө жөнөтүү боюнча меселелер чечилип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2019-11-13 22:47:31
Ушундай адамдарды былчылдатып ура бергим келет,акмактар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан