Футбол федерациясынын өкүлү: "Билет ала албай калган күйөрмандар үчүн эски аянтта чоң экрандан футбол көрсөтүлөт"

Эртең, 14-ноябрда өтө турган Кыргыз өлкөсү менен 4 жолку Азия чемпиону Япония менен беттешке чыккан бардык билеттер сатылган. Футбол федерациясынын өкүлү Наталья Угрюмова билет ала албай калышкан күйөрмандар үчүн атайын чоң экранда футбол көрсөтүлөрүн айтты.

"Урматтуу күйөрмандар, билет ала албай же сатып алууга жетишпей калгандар үчүн эски аянтта, чоң экранда Кыргыз өлкөсү менен Япония менен болгон беттеш көрсөтүлөт. Андыктан, билетсиз калгандар стадионго келип алып топтошкондун ордуна, чоң экрандан көрүүгө чакырабыз. Австралия менен болгон оюндай окуялар кайталанып кетишин каалабайбыз. Эгерде ушундай же Мьянма менен болгон оюндай окуя кайталанса, Бишкекте улуттук курама команданын оюну өткөрүлбөй калат", - деди ал.

Япония менен болгон беттеш 14-ноябрда саат 17:15те башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Store
2019-11-13 18:34:15
А болду түшүнүктүү, фан зонага барышат эми күйөрмандар.
0
Bekobala
2019-11-13 18:44:22
Билеттер бар экен бирок 800-900сом деп атышат
0
rahatov
2019-11-13 19:33:31
Оа мен бугуни1000сомдон алдым
+1
Mister-X
2019-11-13 20:23:12
Чон экранда Кыргыз олкосу менен Япония менен болгон беттеш откорулот-деген создо грамматикалык ката барбы?Кыргыз олкосу менен Япониянын беттеши откорулот дегени туура болот го...
+1
tina-Tin
2019-11-13 21:32:57
Футбол онуго баштады бизде да кудайга шугур. Срочно стадион керек. Кыргызстанга бир стадион куралбаса кетип эле калсынчы бийликтегилер.
+1
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-11-14 01:16:30
Стадион кургулачы олуп кеткирлер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан