13-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Жалал-Абад–Казарман унаа жолунун 63-чакырымында жер көчкү түшүп, унаа жолду тосуп калды. Көчкүнүн көлөмү 600 метр кубду түзөрүн ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Унаа жолду тазалоого 1 грейдер жана 1 бульдозер тартылып, учурда тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Жолдун Казарман тарабында 6 жеңил унаа токтоп турат.