Куудул Тынар Курбаналиев: "Туулган күнүмдү жакын досум менен мончодо өткөрүп жатам"

Белгилүү куудул Тынар Курбаналиев бүгүн, 13-ноябрда 42 жашка чыкты. "Өздүк майрамга көп маани бербейм" деген куудул бүгүн жакын досу менен мончодо эс алып жатканын айтат.

"Манас деген жакын досум бар. Ал мени Жалал-Абаддагы сонун эс алуу борборуна чакырды. Азыр досум экөөбүз бассейнге түшүп, чер жазып отурабыз. Андан соң чайканага барып аш жейбиз. Мен негизи туулган күндү майрамдабайм. Көпчүлүк сүйүнүп, толтура адамды чакырып алып белгилейт эмеспи. Мен жыл сайын туулган күнүмдө жашыма жаш кошулуп жатат, өмүрүмдүн бир барагы кетти. Демек, о дүйнөгө жакындап баратабыз деп ойлоном. Досторум менин туулган күнгө маани бербешимди билишет. Ошондуктан бир ооз "туулган күнүң менен!" деп айтып коюшат", - дейт Тынар мырза.


13-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан