Бишкекте дүкөнгө уурулукка киргенге шектелген топ кармалды. Арасында кыз киши дагы болгон

Бишкекте милиция кызматкерлери уурулукка шектелген топту кармады. Алардын арасында кыз киши болгонун Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалым болгондой, 2-ноябрда Бишкектеги 5-кичи районунда белгисиз адамдар дүкөнгө уурулукка кирип, тоноп кеткен. Кылмыш кылгандар дүкөндүн ичиндеги төлөм терминалын талкалап, 60 миң сом жана жалпы суммасы 70 миң сомду түзгөн тамеки, алкоголдук ичимдикти алып чыгып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "уурулук" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө амалдарынын алкагында милиция кызматкерлери шектүү делинген жарандарды кармаган. Кармалгандардын жанында тапанча жана 2 ок болгон.

Кылмышка шектүүлөр СИЗО-1ге киргизилди.

Бишкек ШИИББи сүрөттөгү жарандардан жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлерге байланышып коюңуздарды өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(700) 10-27-07, 0(553) 10-21-91, 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
katerina.li
2019-11-14 09:03:48
Бул баягы хбковская деген кыз эмеспи??
+3
muras111211
2019-11-14 11:59:04
katerina.li,ал Бема сизодо болуш керек
+1
katerina.li
2019-11-15 08:06:23
muras111211,давно эле чыгып кеткен ал. Суперге чыгарышкан жанылык кылып
0
katerina.li
2019-11-14 09:05:36
Баарын коздорун жаап койсонор кантип тааныйбыз??
+1
Zamirbek_77
2019-11-14 09:47:38
Бактыгүл силер эмнеге көздөрүн жаап койосуңар кызык экенсиңер , кантип эл таанысын
+3
muras111211
2019-11-14 11:59:40
Колдору менен жасаганын мойну менен тартышсын.
+1
murat17
2019-11-14 13:24:12
эмне сразу эле ХБК андайлар толтура тундукто дагы
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан