Бүгүн, 14-ноябрда кыргыз футболунда тарыхый окуя болот. Бишкекте Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Азиянын 4 жолку чемпиону Япония менен Кыргыз өлкөсү ойнойт.
Оюнду көрүү үчүн билеттер эки күн мурда эле сатылып кеткени маалым. Андыктан стадионго батпай калган күйөрмандар үчүн эски аянтта атайын экран коюлары айтылган. Учурда эски аянтта да оюнду көрүүчүлөр чогулду.
Беттештин жүрүшүнүн онлайн трансляциясын ушул шилтемеден окуй аласыз.