Орусиялык футбол боюнча курама команда жаңы формаларына нааразы

Орусия Федерациясынын Футбол боюнча курама командасы 2020-жылдагы Европа чемпиондугуна карата "Адидас" компаниясынын жаңы формасын кийүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, жаңы форманын жеңиндеги Орусиянын желегинин сүрөтү туура эмес жайгаштырылып калган. Аны көпчүлүк Сербиянын туусуна окшоштурган. Жаңы форма 7-ноябрда элге көрсөтүлгөн. Улуттук команда аны кийип, Бельгия жана Сан-Мариного каршы беттеште ойномок. Оюнчулар форманын материалынын сапаты, дизайнын жактырбай, туусу туура эмес жайгашып калганына нааразы болушкан. 12-ноябрда Орусиялык Футбол союзу улуттук курам беттешти эски комплектте ойноорун жарыялаган. Ошондой эле басылмаларда мындан ары "Адидас" компаниясы менен иштешпей калышы мүмкүн деген божомолдор айтылган.

Жагымсыз жагдайдан кийин компаниянын өкүлү эки тарап тил табышып, мындан ары да иштеше берерине ишенерин айткан. "Биз жаңы дизайнды өнөктөшүбүз Футбол союзу менен тыгыз байланышып, даярдап жатабыз. 12 жылдан бери Орусиялык футбол союзунун өнөктөшү болгонубузга сыймыктанабыз", - деген компаниянын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан