Чүйдө өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен 30 жаштагы жаран кармалды

Чүйдүн Ысык-Ата районунда өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү Ысык-Ата районунун жашоочусу арыз менен кайрылган. Анда эртең менен саат 08:55 чамасында өспүрүм кызын белгисиз жаран Кант шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн подъездинен зордуктоого аракет кылганы жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Ысык-Ата районунун 30 жаштагы Д.С. аттуу жараны кармалган. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мурда бир канча жолу сот жообуна тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
katerina.li
2019-11-14 19:02:11
Бирайдан кийин кармаштыбы,бул окуя коп болдуго чыкаанына
0
murat17
2019-11-14 19:58:10
казактарга окшоп бычыш керек
0
Weber29
2019-11-15 14:38:53
Бычыш керек буга окшогон айбандарды!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан