Бүгүн, 14-ноябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз-Япон беттеши кызуу жүрүүдө. "Ак шумкарларды" колдоп келген жылдыздардын арасынан ырчы Сема, "Музаман" тобунун солисти Аксай Мукамбет уулу, Темир Дамирбеков, Адилет Эркинбеков, актёрлор Самат Эркинбеков, Эрмек Таалайбеков, Кубаныч Курманбек уулу, Рүстөм Аскенов, "Адем" тобунун бийчиси Эрлан Абдрахмановду көрүүгө болот. Ал эми "Универсал" КВН командасы футболчуларыбызды колдоо үчүн атайын Оштон бери келишкенин айтат.