6-14-ноябрь күндөрү Лос-Анжелесте өткөн V Дүйнөлүк Азия кинофестивалынын уюштуруучусу режиссёр Садык Шер-Ниязга "Лос-Анжелестин ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Фестивалдын жүрүшү, сыйлыгы тууралуу Садык Шер-Нияз SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Фестиваль жакшы өттү. Кыргыз өлкөсүнөн фестивалга катышкан Бекзар Пирматов, Сүйүм Сулайманова байгелүү кайтышты. Калвер-Сити мэрлиги тарабынан мага эл аралык маданиятка кошкон салымым, фестивалды негиздегендигим үчүн "Лос-Анжелестин ардактуу атуулу" деген наам ыйгарылды", - деди ал.