ЭЛДИК КАБАР: "Курулушта кран иштеп жатат, анын жанындагы эле жолдон эл өтүүдө. Коопсуздук нормалары сакталганбы?" дейт окурман

"Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн курулушуна кран иштеп жатат. Ал имараттын жанындагы тротуардан эл өтүүдө", - деп жазды окурман "Элдик кабар" рубрикасына Whats'App аркылуу жөнөткөн билдирүүсүндө.

Окурман: "Кран оор курулуш каражаттарын көтөрүп иштеши да мүмкүн. Жумуш жүрүп жатат, анын түбүнөн эле эл өтүүдө. Коопсуздук эрежелери сакталышы үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек болчу?", - деп жазган ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2019-11-15 16:14:54
Бул жанакы сот бузулат деп чечим чыгарып токтоп калып кайра курулушу улантылган курулуш го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан