Кыргызстан таш боорлук боюнча дүйнөдө 3-орунду ээледи
Кыргызстан “Гэллап”
агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо 150 өлкөнүн арасынан таш боорлук боюнча 3-орунду ээледи. Сурамжылоо
2009-2011-жылдары жүргүзүлүп, жыйынтыгы 21-ноябрда жарыяланды. "Эң таш боор өлкө" деп Сингапур табылды. Бул жаатта 2-орунду Грузия менен Литва ээлесе, 3-орунда
Кыргызстандан тышкары Орусия, Казакстан, Украина, Беларусь, Непал жана
Мадагаскар бар. Ал эми эң эмоционалдуу өлкөнү аныктоо боюнча иликтөөдө сап башына Филиппин
чыккан. Ошондой эле эмоционалдуу өлкөлөрдүн катарына Сальвадор (2-орун)
менен Бахрейн (3-орун) киргени айтылат.