Бүгүн, 14-августта саат 13:30 чамасында Чолпон-Ата-Бишкек унаа жолунун Тамчы айылындагы бөлүгүндө кичи автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып кырсыкка учурады. Окуядан 10 адам жабыркаганын Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарынан Чолпон-Атага бара жаткан кичи автобуста 15 жүргүнчү болгон. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, каршысынан чыга калган жеңил автоунаадан качам деп кичи автобустун айдоочусу рулду башкара албай калган.