SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү ырчы Нэнанын туулган күнүнө арналган чыгармачылык кечеси менен толукталды. Иш-чара Бишкектеги тойканалардын биринде ушул жылдын 25-мартында өткөн. Кечени ырчы айым өзүнүн туулган күнүнө арнаган.
Кечеге Нэнанын сахналаш достору Анжелика, Каныкей, Замир Арыкбаев, Жийдеш, Съездбек Искеналиев жана башка шоу-бизнес өкүлдөрү, ырчынын жакындары келген. Нэна келген конокторго жандуу ырдап берип, Токтобек Асаналиев менен дуэт аткарган.
Чыгармачылык кечеге келген конокторго лотереялык билеттер ойнотулуп, ал жактан аты чыккан адамдарга ар кандай белектер таратылган.
Нэнанын 30 жашына арналган чыгармачылык кечесин көрүү үчүн шилтеме.