14-ноябрда Бишкекте кыргыз футболунун тарыхында кала турган оюн болуп өттү. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 4 жолку Азиянын чемпиону Япония менен кыргыз футболчулары ойноду.
Аталган оюнга кыргыз күйөрмандары арасында кызыгуу күч болду. Оюн тууралуу кыргыз интернетинде жарыяланган кызыктуу билдирүүлөр да көп болду.
"Күн батып бара жатканда кыргыз футболунун таңы көрүндү. Жаңы жашоонун, жаңы мезгилдин, кыргыз спортунун жаңы жылдыздарынын таңы көрүндү. Командалар кайсы эсеп менен талаадан кеткени маанилүү эмес, мен кандай сезимдер менен кеткеним маанилүү. Адамдардын ой жүгүртүүсү, жанымда отурган күйөрмандардын биздин команданын мактоолору, алардын ар түрдүүлүгү... Мен тажрыйбалуу күйөрман эмесмин, бирок эми дайыма келип турам. Мен бул оюн менен биздин келечегибизди көрө алдым. Күчтүү, өзүнө ишенген, адилеттүү... ", - деп футболду философия менен айкалыштырат Бермет Турсалиева аттуу колдонуучу.
"Оюн алдындагы 5, 7 гол өткөрүп алат деген күйөрмандар эми гана?", - Asel Blue'mberg
"Эки команда эки башка галактикадан, бул оюнда байкалып турат. Бирок биздин башкы оюнубуз Тажикстан менен болот", - Азат Идирисов.
"Кеңседе бир дагы эркек аттуу калган жок..." - Nomadgirl.
"Негизи бул боюнча башты оорутуп кереги деле жок, бирок "Матч ТВнын" комментатору Денис Казанский Кыргызстан деп туура айтып жатат" - Hemingway.