Учурда Жалал-Абад облусунда көмүр саткан 103 түйүн иштеп жатат

Жалал-Абад облусунда кышка даярдык көрүү боюнча атайын штабдар түзүлүп иш алып барууда. Көмөк чордондорду оӊдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева бүгүн, 14-августта ӨКМда өткөн кышка даярдыктын жүрүшүн талкуулаган жыйында билдирди. Ал “Кыргыз турак жай коммуналдык чарбасынын” карамагындагы 28 от казандын 18и оңдолгонун, билим берүү тармагындагы 595, саламаттыкты сактоо багытындагы 125 мекеме оӊдоп-түзөөдөн өткөнүн, учурда облус боюнча 103 көмүр саткан түйүн иштеп жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан