Таластагы тоодон жаш кыздын жансыз денеси табылды

Таластагы тоо этегинен кыздын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү Талас РИИБине маалымат катталган. Анда Талас районуна караштуу Долоно айыл өкмөтүнүн Орто-Арык айылына караштуу Кудук аттуу тоо этектеги турак жайлуу сарайдан адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Текшерүү учурунда жансыз дене 1993-жылы туулган Көк-Кашат айылынын тургуну А.В.ныкы экендиги аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Талас РИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунда кылмышка шектүү Талас районунун 3 жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кандай жагдайда жана эмне себептен каза болгонун тактоо максатында тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mintip-menu-suybo
2019-11-15 23:33:00
Бизди коргойт деген эркектер жырткыч болуп баратат
+8
Nursultan.92
2019-11-16 00:56:45
Mintip-menu-suybo,Ошол эркек сенин Атан болот
-12
katerina.li
2019-11-16 10:09:56
Байкуш кыз тоого кашарга эмнеге барып калды болду экен?? Кудук деген жерге кичинекейибизде коп бардык,чон аталарыбыз мал менен кыштачы эле ал жакта. Аябай терен казылган кудук бар эле,ошондуктан кудук деп аталып калган ал кыштоо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан