"Манас" аэропортуна бараткан жолдо жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 16-ноябрга караган түнү саат 1:30 чамасында болгон. "Айдоочу рулга ээ боло албай калып, унаа оодарылып кеткен. Учурда айдоочу ооруканада жатат. Ал унаада жалгыз болгон", - деп билдиришти башкармалыктан.