Бишкек ШИИББи Башкы прокуратурага жоголгон документтер боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды

Бишкек ШИИББи Башкы прокуратуранын шаардык милицияда 20 кылмыш ишинин документи жоголуп кетти деп тараткан билдирүүсүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББи Башкы прокуратура жоголду делинген 21 кылмыш ишин таап, тийиштүү бөлүмгө өткөрүп берген.

"Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы кызматтык текшерүү жүргүздү. Анда жоголду делинген документтер 1998-жылдан 2007-жылга чейинки мезгилдеги кылмыш иштери болгон. Жүргүзүлгөн кызматтык текшерүүнүн натыйжасында, юридикалык баа берүү үчүн аталган материалдар көзөмөлдөө органына жөнөтүлдү", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Буга чейин Башкы прокуратура 20 кылмыш ишинин документи жоголуп кеткенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан