"Кумтөр" тогуз айда 10 миллиард 79 миллион сом пайда келтирди

Centerra Gold Inc. жана «Кумтөр Голд Компани» 2019-жылдын үчүнчү чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктарын чыгарышты. 2019-жылы тогуз ай ичинде “Кумтөрдө” 451 679 унция же 14 048,8 килограмм алтын өндүрүлүп, компаниянын салыктары жана милдеттүү төлөмдөрдү 10 миллиард 79 миллион сомдон ашкан.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2019-жылдын III чейрегинде «Кумтөр» кениндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү 150 305 унцияны же 4 675,01 килограммды түздү. Алтын ылгоочу фабрикада иштетилген кендин орточо алтын курамы тоннасына 3,8 грамм, ал эми ылгоо коэффициенти 84,8 пайыз болду. 2019-жылдын III чейрегинде 160 088 унция, же 4 979,30 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2019-жылдын III чейрегинде 234 миллион 400 миң долларды түздү.

Алтын өндүрүүгө кеткен чыгымдардан фабрикалык кайра иштетүүгө 18 миллион 400 миң доллар, кен ишканасын күтүүгө 11 миллион 500 миң доллар, өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор салыктарды кошкондо (бир унцияга АКШ доллары менен) 831 долларды түзгөн. Алтын өндүрүүгө кеткен башка чыгымдар жана өндүрүштүк көрсөткүчтөр “Кумтөрдүн” www.kumtor.kg сайтындагы пресс-релизде толук берилген.

“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык, “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз гана “Кыргызалтын” ААКы ээ.

2019-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен 2017-жылдын 11-сентябрында түзүлгөн комплекстүү келишимдин күчүнө толук кирүүсүн алдын алуучу бардык шарттар аткарылды жана 2019-жылдын 26-августунда Стратегиялык келишим күчүнө кирди.

Комментарий

«Центерранын» президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп белгиледи: «Биз ушул чейректе ɵндүрүштɵгү олуттуу коопсуздук кɵрсɵткүчтɵрүнɵ жетиштик. Мисалы, «Кумтɵр» кени бир жыл бою жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ ийгиликтүү жетишти. Ушундай сыяктуу ийгиликтер жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ жетишүү Центерра үчүн аткарып жана жетише ала турган максат экенин билдирет. Мындай кɵрсɵткүчтɵр биздин жалпы кызматкерлерибиз «Центерранын» «Work Safe – Home Safe» коопсуздук программасын кынтыксыз колдоорун кепилдеп, биздин баалуулуктарды жана туруктуу өнүгүүбүздү үзгүлтүксүз бекемдɵɵгɵ жана ɵркүндɵтүүгɵ жалпыбыздын жана ар бирибиздин багыт алуубуз керек экенин билдирет».

«Кумтөр» кени Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдан бери өндүрүштүк ишмердик башталгандан тартып 2019-жылдын 30-сентябрына чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 12,5 миллион унцияга алтын өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн - 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жылдын 14-ноябрына карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 637 миллион доллардан ашты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан