Орусиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов кичинекей өспүрүмдүн ага апасы туралуу суроо бергенин чагылдырган видеону социалдык тармактагы жеке баракчасына жайгаштырды. Ал кичинекей күйөрманынын суроосуна берилүү менен жооп берген. Нурмагомедовдон кичинекей өспүрүм апасы азыр кандай жашап жатканы жөнүндө айтып берүүсүн жана аны кандай эне төрөгөнүн билгиси келгенин айтып, суроо узаткан.
"Апамдын жашоосу азыр жеңилдеди, мурун ага чынында кыйын болгон. Баарыбыздын эле апабыз ар бирибиз үчүн жакшы. Анткени апалар бул жашоодогу эң кымбат белегибиз болуп эсептелинет. Негизгиси бул айтканымды атам укпасын, бирок мен үчүн апам биринчи орунда.
Азыр апакем эч нерсеге муктаж эмес. Апам мурун агам экөөбүз машыкканда эртең менен, кечинде кийимибизди жууйт эле. Ал учурда кир жуучу машина, ысык суу дагы болгон эмес. Азыр келебиз, кийимдерибизди машинага салабыз, кнопканы басабыз, болду кийимдерибиз жуулат. Түшүнүп жатасыздарбы, азыр жашоо кандай жеңил болуп калды. Мен кээде апамды укпай койгон күндөрүмдү эстеп өкүнүп кетем. Азыр атама караганда апамды көбүрөөк угам", - деген ал.
Эскерте кетсек, буга чейин Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Хурмагомедов Хабибдин апасы эч качан баласынын беттештерин көрбөй турганын айткан. Ал мелдеш учурунда жолго чыгып кете турганын жана баласынын жеңип же жеңилип жатканын үйүнө топтолгон көрөрмандардын реакциясынан улам байкай турганын билдирген.