Диний-экстремисттик уюмдун талапкери жихаддык идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК менен ЖАМК биргеликте түрмөдө отурган террордук жана экстремисттик уюмдарынын мүчөлөрүн экстремисстик идеологиядан арылтуу максатында активдүү иш-чараларын улантууда.
"2019-жылдын апрель айында 3 жылга эркинен ажыратылган Ош шаарынын тургуну Т.Д. жихаддык идеологиядан өз каалоосу менен баш тартты. Ал бул кылганына өкүнүп жатканын билдирген. Ошондой эле ал айрыкча жаштар жогоруда аталган диний-экстремисттик уюмдун идеологиясын терс таасиринен сак болууну жана анын ишине катышпоого чакырган", - деп билдирди басма сөз кызматынан.