Эртең, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз курама командасы Тажикстанды кабыл алат. Бул оюн Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында өтөт.
Аталган беттеш эки команда үчүн маанилүү. Себеби бул беттеште утулуп калган команда тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйла азайтат. Учурда эки команда тең 4 оюнда 6 упайга ээ. Буга чейин Дүйшөмбү шаарында Кыргыз курама командасы Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп калган.
Ушул эле күнү дагы бир тайпалык оюнда Мьянма Монголияны кабыл алат.
F тайпасы, 19-ноябрь
18:30. Мьянма - Монголия
20:00. Кыргыз өлкөсү - Тажикстан