Мушкер Азат Усеналиев Беларуста өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү болду

Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Беларуста өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Советтер Союздун баатыры В.И.Ливенцевдин урматына өткөн мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 6 мушкер катышкан.

Усеналиев 52 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, чейрек финалда үй ээсинин спортчусун жеңген. Жарым финалда кайрадан үй ээсинин спортчусун жеңип, финалга аттанган. Алтын медаль үчүн беттеште Улуу Британиянын мушкеринен күчтүү болгон.

57 килограмм салмакта Сейитбек Мунарбек уулу финалда жеңилип, мелдештин күмүш медалын тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан